Жээнбеков Бабановду балапан деп атады
“Өмүрбек иним мен сага эмне үчүн сен деп кайрылып жатам. Анткени сени балапан кезиңден бери билем. Мен сен миллиондорду кантип тапканыңды билем”,-деп айтты кечээ, 4-октябрда президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков өзүнүн атаандашы Өмүрбек Бабановго.
Жээнбековдун айтымында аны Бабановдун ага карата айткан “Жээнбеков коррупция менен күрөштү эскертпей жатат” деген сын кеби нааразы кылган.
“Мен бул жөнүндө айткым келген эмес эле. Бирок мындай кадамга баруума мажбур кылдың. Сен мени каралагың келип жатат, бирок мен Кудайдан корккон адаммын. Кудайдын алдында жана эл алдында тазамын. Эгер Кудай колдоп президент болуп калсам коррупция менен күрөшүүнү дал сенден баштайм. Сени өзүңдүн миллиондоруңду төлөп берүүгө аргасыз кылам жана аны менен мугалимдердин айлыгын жогорулатам”,-деп нааразы болду Жээнбеков.
“Сен аны айдап жылдап төлөйсүң”,-деп коркутту Жээнбеков.
Бабанов Жээнбековду аны балапан деп атабоого чакырды.
“Биринчиден мен сизге балапан эмесмин баары мен ишкерлик менен алектенгенимди билишет. Сиз мамлекеттик кызматта отуруп канчалаган миллионду иштеп тапканыңыз мага кызык болуп жатат. Мени Бакиевдер сындыра алган эмес Жээнбековдордун үй-бүлөсү да коркута албайт. Жогорку кызматта иштеген адам катары сылыгыраак болбойсузбу”,-деп айтты Бабанов.
“Мен сени дайыма сен деп айтып келгем жана аны билесиң. Азыр де ошентем”,-деп жооп берди Жээнбеков өзүнүн атаандашына.
Ссылка: https://barometr.kg/content7161
Добавить комментарий ×