Алмазбек Атамбаев Индира Жолдубаеваны кабыл алды
Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-февралда өлкө башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөдө мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле прокуратура органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү ишинин негизги багыттары тууралуу маалымат алды. Жолугушууда президент менен Башкы прокурор менен бир нече мыйзамдуулук иштер боюнча сүйлөштү. Мамлекет башчысы мыйзамдардын сакталышын көзмөлдөөнү мындан ары карай күчөтүү, ошондой эле мамлекеттин жана коом турмушунун баардык чөйрөлөрүндө жарандардын укуктарын камсыз кылуу боюнча милдеттерди так аткаруунун зарылчылыгын баса белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди.
Ссылка: https://barometr.kg/content715
Добавить комментарий ×