Мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүп жатат
Бөлүшүү:
Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштар боюнча атайын иш чаралар дайыма өтүп, ээлерине эскертүү берилет. Эгер эскертүү аткарылбаса сүрдүрүлөт. Мына ушундай иш чара бүгүн Бишкек шаарына өтүп жатат. Мамлекеттик эко техинспекциянын маалымат кызматы “ Бишкек шаарындагы Манас проспект жана Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган 5 кабаттуу имарат Мамэкотехинспекция тарабынан бузулууда. 2013-жылы курулуш иштери башталганда токтотуу боюнча эскертүү берилип протокол чыккан. Ошого карабастан курулуш токтобой келген. 2016-жылдагы токтомдун негизинде курулушту бузуу боюнча чечим чыгып, курулушту бузуу буйругу аткарылууда” –деп маалымат таратты.
Ссылка: https://barometr.kg/content714
Добавить комментарий ×