Ош шаарынын күнү “Баарына бир дүйнө” аттуу кайрымдуулук-маданий акциясы менен башталды
Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө арналган иш-чаралар калктын аялуу катмарына арналган “Баарына бир дүйнө” аттуу кайрымдуулук-маданий акциясы менен башталды.Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү катышты.Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган иш-чарага алтымыштан ашуун мумкунчулугу чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылган. Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев жеткинчектерге бактылуу балалык, кең келечек каалап, Ош шаарынын күнүнө карата баалуу белектерди, таттууларды тапшырды.
Белгилей кетсек, “Баарына бир дүйнө” аттуу кайрымдуулук-маданий акциясынын алкагында балдарга кечке чейин жаштар комитети тарабынан даярдалган оюн-зоок программалар тартууланат. Айта кетсек, “Нур” кинотаетрында мультфильм, зоо-парктагы жаныбарларды көрүү, түшкү тамактануу, ошондой эле, жабык эс алуу жайда оюн-зоок уюштурулган.
Ош шаарынын күнүнө арналган “Сулайман-Тоо - тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу майрамдык маданий-массалык иш-чаралардын алкагында “Атам, апам жана мен - ынтымактуу үй-бүлө” аттуу музыкалык-спорттук мелдеш, орто мектептеринин арасында “Баарыбыз бирге” аттуу өздүк көркөм чыгармачылык конкурсу орун алды. Жеңүүчлөргө акчалай сыйлыктар, баалуу белектер тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content7136
Добавить комментарий ×