Талапкерлердин рейтинги: Жээнбеков менен Бабановдун мүмкүндүктөрү барбы? Сариевчи?
Политолог Денис Бердаков президентикке талапкерлердин рейтингин түздү. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.
Анын маалыматына караганда эки талапкердин реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар
“Менин президентикке талапкерлер тууралуу кезектеги рейтингимди жарыялоочу кез келди. Бул жолу эч кандай балл койбойт окшоп калдым. Анткени акыркы күндөрдүн жыйынтыгы абдан олуттуу айкын болуп калды.
Кыялдагы орунга көптөгөн талапкерлер ат салышууда. Бирок реалдуу мүмкүндүк башталышында көп жылбай анан ракетадай учуп кеткен Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдо калды.
Темир Сариевдин штабына ажырым түшкөндөн кийин менин пикиримде позициясын жоготуп алды окшойт. Анан калса ал талапкерлигин алып салбастан Жээнбековго иштеп жатат.
Төрөбаев “Бабанов президент, мен премьер!” деп Бабановду колдоп жатат. Бирок шайлоодон талапкерлигин алып салган жок. Жыйынтыгында анын 2-3% электораты ал үчүн добуш берет. Бабанов оюн таза эмес болуп калганын айтат жана Бакыт Эргешевич өкмөт башчынын креслосун көрбөй калат. Анан калса Бабановдун атаандашы жеңип калса андан ого бетер көрбөй калат.”,-деп белгилеген саясат таануучу.
Анын талапкерлер тууралуу талдоосу менен кененирээк баракчасындагы постунан таанышсаңыз болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content7135
Добавить комментарий ×