Ош жана Бишкек шаарларында Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт

4 октябрь 2017 16:22 367 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, коңшу өлкөнүн маданият күндөрү 6-октябрда Бишкекте башталат.

Өзбекстандын Маданият министрлигинин расмий өкүлдөрү келип, сапардын жүрүшүндө “Айкыз жомогу” (Ойкиз эртаги) өзбек тасмасы “Октябрь” кинотеатрында көрсөтүлөт. Кечинде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өзбекстандык таланттар концерт беришет.

7-октябрда Маданият күндөрү Ошто уланып, аталган тасма “Семетей” кинотеатрында коюлат. Мындан тышкары Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында концерт белгиленген. Иш-чара алкагында “Азыркы Өзбекстан” деп аталган сүрөт көргөзмө уюштуруу да максат кылынууда.

Соңку жылдары мамилеси салкындап кеткен Өзбекстан менен Кыргызстандын ымаласы 2016-жылдын күзүнөн тарта жакшы нукка өзгөрдү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7132



Добавить комментарий