Кенжебек Бокоев, ЖКнын депутаты: “Мугалимдердин пенсиясына акча жок деген сөз курулай шылтоо”
-Пенсия алган жарандарыбыздын үлүш жерине акчасын төлөөсүн алып салууну сунуштап жатасыз, бул өкмөт үчүн оор болуп калбайбы?
-Үлүш жери бар пенсионерлер соц фондго үлүш жерлери үчүн акча төлөбөш керек. Эмне үчүн соц фондго акча төлөйбүз. Анткени эртең пенсиядагы акчам көп болсун дейбиз да. Биздин пенсия алган жарандарыбыз буга чейин акча төлөп келгендиктин акчасын төлөбөй эле койсо болот. Алар акча төлөгөндө кийин пенсиясына акча кошулуп келбейт. Үлүш жерине акча төлөөдөн аларды бошотуу зарыл.
-30-40 жылдап мугалим болуп иштегендер 3 миң сомго пенсияга чыгып жатканы жашыруун эмес. Бул маселе сизди ойлондурган жокпу?
-40 жыл мугалим болуп эмгектенген адамдын 3 миң сомго пенсияга чыкканы адам ыйлай турган нерсе. Мугалимдер жок дегенде он миң сомдун тегерегинде акча алышы керек. Алар болсо 40 жыл иштесек анан 3 миң сом пенсия алабыз. Ал эми 20 жыл иштеген укук коргоо органдары көп алышат деп жатышат. Алардын айткандары туура. Бул тууралуу соц фондго кайрылдым.
Жообу кандай болду?
-Алар болсо бул маселени карайбыз, мүмкүнчүлүк жок деди. Мугалимдердин пенсиясына акча жок деген сөз курулай шылтоо. Башкаларга акча табылып жатпайбы. Соц фонд өзүнүн саясатын туура алып бара албай жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content713
Добавить комментарий ×