Ошто мектеп окуучулары түшкөн маршрутка ала салды

4 октябрь 2017 15:37 421 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарында окуучулар түшкөн кичи автобус жеңил унаа менен кагышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Ош областынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Мектеп окуучулары түшкөн автобус Ош шаарынан Фуркат айылын көздөй бара жатканда жеңил унаа менен кагышкан.

Соккудан улам автобус ала салып кеткен. Жол кырсыгынан 6 окуучу жаракат алды, дагы үчөөнө медициналык көмөк көрсөтүлүп үйүнө жеткирилди.

Учурда кырсыктын себептери аныкталып жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7128



Добавить комментарий