ТИМ: Учактан Кыргызстандын эки жараны каза тапкан. Алардын сөөгү мекенине жеткирилет
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Алма-Ата шаарынын жанында болгон учак кырсыгында Кыргызстандын жарандары каза тапканы тууралуу маалыматты расмий түрдө тастыктады.
ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кыргызстандын Алма-Ата шаарындагы консулдугу жагдайды аныктаган.
Эскерте кетсек, 3-октябрда 18.35те Алматыдан Шымкентти көздөй учуп, 12 мүнөттөн кийин локатордон жоголуп кеткен. Кийинчерээк аба кемеси айдоо талаасына кулап, күйүп кеткени аныкталган. Кырсык учурунда электр өткөрүү линиялары үзүлгөн.
Алматы-Шымкент-Алматы багытында сыркоого кеңеш берүү максатында бараткан беш киши тең мерт кеткен.
Борт командири Геннадий Цой Кыргызстандын жараны болгон. Экинчи учкуч Евгений Кутафин, авиатехник Бейшебек Акматбаев жана эки медициналык кызматкер – акушер-гинеколог Талгат Патсаев менен реаниматолог-дарыгер Жанибек Артыкбаев экени аныкталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content7127
Добавить комментарий ×