Алмазбек Атамбаев 5-6-октябрда Ташкентке барат

4 октябрь 2017 14:54 495 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 5-6-октябрда Ташкентке барат.

Өзбекстандын жергиликтүү ММКлары кабарлагандай, бул жолугушуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин 5-6-сентябрда Кыргызстанга жасаган сапары маалындагы кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрүнүн уландысы болот. Жолугушуунун жүрүшүндө преззиденттер эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы перспективаларын талкуулап, аймактык жана эл аралык саясаттагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышат.

Андан тышкары Атамбаевдин сапарынын жүрүшүндө мамлекет башчылар Ташкенттеги Кыргызстан менен Өзбекстандын өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсүнө барышат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттер эки өлкө ортосундагы биргелешкен декларацияга кол коёт деп күтүлүүдө.

Ошондой эле сапардын алкагында түрдүү тармактар боюнча өз ара мамилени тереңдетүүгө жол ача турган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7126



Добавить комментарий