Вице-премьер-министр Дүйшенбек Зилалиевге катуу сөгүш берилди
Бөлүшүү:
Вице-премьер-министр Дүйшенбек Зилалиевге катуу сөгүш берилди, тиешелүү буйрукка бүгүн, 4-октябрда премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттөң маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 24-сентябрдагы чечиминин негизинде кабыл алынды. БШК Зилалиевге карата катуу чара көрүлүшү керектигин эскерткен.
Эскерте кетсек, буга чейин Зилалиев президенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшү менен таанышып жатып, бийлик тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди колдоо тууралуу пикирин билдиргени катуу сынга алынган болчу. Анын бул аракети үчүн 21-сентябрда өкмөт башчы катуу эскертүү берип, республикалык штабдын жетекчилигинен алган.
Ссылка: https://barometr.kg/content7121
Добавить комментарий ×