Болуп көрбөгөй берешендикпи? Юстиция министри карылар үйүнө 16 отургуч берди

4 октябрь 2017 13:29 523 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Юстиция министри Уран Ахметов Нижне-Серафимовскийдеги карылар менен майыптардын жатак үйүнө барганы тууралуу социалдык түйүндөргө жарыялады.   

Ал аталган жатак үйдө 350дөн ашык адам турарын кошумчалады. 

"Юстиция министрлигинин жамаатынын атынан Улгайгандардын күнүнө карата куттуктадым жана белек катары стулдарды бердим. Алар биздин кызматкерлердин жеке демилгеси менен алынган. 

Директор менен бирге мекемени кыдырып, ардагерлер менен маектештим. Андан кийин жашоо шарттары менен тааныштым. Кээ бир жерлерде чатырдан суу агат экен. Таза суу жетишсиз. 

Биз албетте мамлекеттин кароосу карылардын жакын адамдарын алмаштыра албасын түшүнүп турабыз. Улгайган адамдарды колдоо биздин министрликтин социалдык саясатынын бири”,-деп жазды министр Facebookагы өзүнүн баракчасына.

Barometr.kgге министрликтен тастыкташкандай карылар үйүнө 16 стул берилген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7117



Добавить комментарий