Канат Исаевди жакындары менен жолугуштурбай жатышат
Бүгүн, 4-октябрда “Кыргызстан” саясий партиясынын башчысы Канат Исаевдин кызы Barometr.kgге депутаттын жакындары жана үй-бүлөсү ушул кезге чейин аны менен жолугуша электигин маалымдады.
Анын айтымында, атасы тууралуу болгону анын жактоочусу гана маалымат алып жатат.
Жалгыз гана жактоочусуна Канат Исаев менен көрүшүүгө уруксат берилген.
“Жакындарыбыздын эч бирине көрүшүүгө уруксат бербей жатат, ал тургай апамды да киргизишкен жок”,-деп нааразы болду Бермет Исаева.
“Акыйкатчы Кубат Оторбаев Исаев менен жолушууга бардыбы?” деген журналисттин суроосуна Исаева “барган жок” деген жооп узатты.
Эскерте кетсек, депутат Канат Исаев 30-сентябрда Башкы прокуратура “массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айып боюнча козгогон кылмыш иштин алкагында кармалган. Бирок, 2-октябрда Канат Исаевдин тарапташтары мурдагы аскердик соттун имаратынын алдында чогулуп, ал күнөөсүз экенин айтып чыгышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content7113
Добавить комментарий ×