ТИМ: Лас-Вегаста каза тапкан жана жабыркаган кыргызстандыктар жок

4 октябрь 2017 11:27 381 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Невада штатынын Лас-Вегас шаарында болгон атышууда каза тапкандардын жана жабыркагандарын тизмеси АКШнын комптенттүү органдары тарабынан такталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Barometr.kgге ТИМдин кызматкери Айымкан Кулукеева билдирди. 

Анын айтымында, учурда Лас-Вегас шаарында болгон окуяда жабыркаган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат жок.

 

“Бирок АКШдагы Кыргызстандын элчилиги жагдайды көзөмөлдөөдө жана АКШнын буга тиешелүү органдары менен дайыма байланышта болууда”,-деп айтты  Кулукеева.

Эскерте кетсек, жекшембиде аталган шаарда кантри музыкасынын фестивалына чогулган адамдарга мейманкананын 32-кабатынан куралчан адам ок чыгарып, жыйынтыгында 59 киши өлгөн, 527 киши жаракат алган. Учурда бул маалыматтар дагы такталууда, каза тапкандар менен жаракат алгандардын саны өсүшү ыктымал.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7105



Добавить комментарий