Төрт жаштагы кыз жана анын чоң атасы жол кырсыгынан каза тапты
Бөлүшүү:
Чүй областынын Аламүдүн районунда болгон жол кырсыгынан 4 жаштагы кыз жана анын чоң атасы каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
“Жол кырсыгынын кесепетинен 68 жаштагы киши жана анын 4 жаштагы небереси көз жумду”,-деп айтылат ӨКМ тараткан маалыматта.
Авария 3-октябрда саат 14кө жакын Бишкек –Нарын –Торугарт унаа жолунун 5 чакырымында болгон. Анда Hyundai Porter жана Subaru унаалары кагылышкан. Hyundai Porter унаасында 4 жаштагы кыз чоң атасы жана чоң энеси менен болгон. Экинчи унаанын айдоочусу жабыркаган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content7104
Добавить комментарий ×