Казакстанда учак кыйрап, беш киши каза тапты. Учактын командири Кыргызстандын жараны болгон

4 октябрь 2017 10:15 677 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алматыга жакын жерде Санитардык авиациянын Ан-28 учагы кыйрап, беш киши каза тапты. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети кабарлагандай, окуя 3-октябрь күнү кечинде Иле районунда болду.

Акимчиликтин маалыматы боюнча учак дыйкан чарбасынын аймагына кулап, күйүп кеткен. Кырсык учурунда электр өткөрүү линиялары үзүлгөн. Учактын командири Кыргызстандын жараны Г.Н. Цой  болгон.

Учак бейтапка жардам көрсөтүү үчүн Алматы-Шымкент-Алматы багыты боюнча бара жаткан. Маалыматтарга караганда, бортто үч учкуч жана эки медициналык кызматкер болгон.

Санитардык авиациянын учагы 18.35те Алматыдан Шымкентти көздөй учуп, 12 мүнөттөн кийин локатордон жоголуп кеткен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7098



Добавить комментарий