Сооронбай Жээнбеков: Ипотека боюнча пайыздык төлөм 6 пайызга чейин түшүрүлөт

3 октябрь 2017 18:47 538 www
Бөлүшүү:
ok

Ипотека боюнча пайыздык төлөм алгач 10 пайызга чейин азайды, анан 8 пайызга, андан кийин 6 пайызга чейин түшүрүүгө аракет кылуудабыз, деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Чүй областынын Аламедин районунун тургундары менен Ленинское айылынан жолугушуу учурунда.

Ал белгилегендей, айлык акылар менен пенсияларды такай жогорулатып туруу эң бир маанилүү маселелердин бири болуп саналат. «Жарандарды турак-жай менен камсыздоо боюнча атайын программа иштелип чыгууда. Анын ичинде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин, мугалимдерди да, дарыгерлерди да, башка бюджет тармагында иштегендерди гана эмес, ошондой эле социалдык жактан аялуу болгон жана бардык муктаж жарандарды да турак-жай менен камсыздоо маселеси колго алынат. Ипотека боюнча пайыздык төлөм алгач 10 пайызга чейин азайды, анан 8 пайызга, андан кийин 6 пайызга чейин түшүрүүгө аракет кылуудабыз», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, айлыктарды эселеп көтөрүү менен коррупцияны азайтса болот. «Мисалы, ошол эле мугалимдерге, врачтарга 30 миң сом айлык берүү колдон келет. Мен анын жолдорун, булактарын билем. Олигархтар, байлар кандай амал менен салык төлөбөй жүргөндөрүн билем жана президент болсом, алардын баарын ачыкка алып чыгам! Президент болсом, коррупцияга каршы чараларды күчөтүү - менин эң биринчи кадамым болот!», - деп белгиледи талапкер.

Ал коррупция менен чыныгы күрөш 2011-жылдан кийин, Атамбаев президент болуп келгенден кийин башталганын эскертти. «Кандай лөктөр камалганын билесиздер. Мен коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабын баштайм», - деп сөзүн жыйынтыктады президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков.

 

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. 

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 03.10.2017 ж.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7085



Добавить комментарий