Темир Сариев Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановго кайрылды. “Дуэлге” чакырды
Президентикке талапкер Темир Сариев өзүнүн оппоненттери- Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановду дебатка чакырды.
Сариевдин билдирүүсүндө төмөнкүлөр айтылат:
“Урматтуу президентикке талапкерлер!
Шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Анын максаты шайлоочуларга талапкер жана алардын программалары тууралуу кеңири маалымат жеткирүү. КТРК менен радиодо дебаттар пландалды бул шайлоочулардын өз тандоосун аныкташына көмөк берет.
Бул арада КТРКда айрым чектөөлөр болгондуктан талапкерлердин позициясын толук чагылдырууга жетишсиз болмокчу.
Ошондуктан үч талапкердин ортосунда эл алдында кошумча талкуу жүргүзүу зарыл деп эсептейм.
Бабанов менен Жээнбековду биргелешип эки сааттык талкуу өткөрүүгө чакырам жана телеканаларды буга кошуп өлкө боюнча түз трансляция кылууга чакырам.
Талкуунун форматын биздин штабдар ыкчам түрдө аныкташат. Мен 8-октябрдан ушундай дисскуссия уюштурууну сунуштайм.
Талапкерлерге катары шайлоочуларга кеңири маалымат берүүгө милдеттүүбүз деп эсептейм”.
Ссылка: https://barometr.kg/content7074
Добавить комментарий ×