Чек арада мыйзамсыз аңчылык кылган үч кыргызстандык кармалды

3 октябрь 2017 15:10 376 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2017-жылдын 2-октябрында Ош облустук КР МЧК башкармалыгынын “Кызыл-Жар” чек ара кызматы бөлүмүнүн чек арачылары чек ара мыйзамын бузган үч Кыргыз Республикасынын жаранынын кармашкан. Бул тууралуу МЧК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча үч аңчы курал-жарак жана октору менен Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кулданбес аймагында кармалышкан. Аңчылар мамлекеттик чек ара мыйзамын бузуп, чек ара тилкесинде аңчылык кылып жүрүшкөн. Алардан 3 аңчылык курал жана 30 ок-дары табылган. Ошону менен бирге алардын куралдарга уруксат кагаздары болгон эмес.

Тиешелүү документтер топтолуп, мыйзам бузуучулар КР ИИМдин аймактык бөлүгүнө өткөрүлүштү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7073



Добавить комментарий