"103": Бишкекте бука жибин үзө качып, борбордук көчөдө аялды сүзүп кетти
Бөлүшүү:
Бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаарында Манас көчөсүндө 50 жаштагы аялды бука сүзүп кетти. Бул тууралуу маалыматты Barometr.kgге тез жардам станциясынан тастыкташты.
Дарыгердин айтымында, медайымдар аялга алгачкы зарыл болгон көмөктү көрсөтүштү. Аял 4-шаардык ооруканага жаткырылды.
“Жабыркаган аялдын абалы учурда канааттандырарлык”,-деп кабарлашты тез жардам кызматынан.
Ссылка: https://barometr.kg/content7072
Добавить комментарий ×