БШК:Ташиевдин фамилиясын бюлленден кол менен чийип чыгышат. 3 миллион бюллетен бар

3 октябрь 2017 14:10 435 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы президентикке талапкер Камчыбек Ташиевдин фамилиясын шайлоо бюллетенинен кол менен өчүрүп чыгышат. Бул тууралуу Barometr kgге Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов бүгүн, 3-октябрда билдирди.

“Азыр шайлоо бюллетендерин даярдоо процесстери жүрүп жатат, алар 3 миллиондон ашык басылды”,-деп айтты Арипов.

БШКнын мүчөсүнүн айтымында, ага чейин БШКга катталган баардык 13 талапкердин фамилиясы жазылган бюллетендер басмаканадан чыккан. Ошондой эле 14-номерде “баарына каршы” деген пункт да киргизилген.

 “БШКга өзүнүн талапкерлигин алып салуу тууралуу билдирүү берген Камчыбек Ташиевдин фамилиясы кол менен сызылып, өчүрүлөт”,-деп түшүндүрдү ал.

Редакциянын “Өмүрбек Бабанов менен тандем түзгөн Бакыт Төрөбаевден талапкерлигин алып салуу тууралуу арыз келип түштүбү?” деген суроосуна ал “жок”,- деп жооп берди.

Ссылка: https://barometr.kg/content7064



Добавить комментарий