Улан Асанов кызматынан кеткен Талант Исаевдин ордуна башчы болуп дайындалды

3 октябрь 2017 13:34 448 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улан Асанов ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Barometr.kgге өкмөттөн билдиришкендей, бул иш орду Талант Исаев отставкага кеткенден кийин бош болуп турган.

“Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн, 3-октябрда Исаевдин арызын кабыл алды жана ага кол койду”,-деп билдиришти өкмөттөн.

 Асанов Улан Касенович - милициянын полковниги. 1974-жылы 13-мартта туулган. 2003-жылы генерал-милициянын майору Э.Алиев атындагы КР ИИМнин Академиясын аяктаган.

1992-1993 жж КР Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Ички иштер органдарында 1994-жылдан бери кызмат кылып келет.

 

 

 

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7062



Добавить комментарий