Канат Исаевдин баш коргоо чарасы аныкталды, тергөө бүткөнчө камакта калтырылды

3 октябрь 2017 11:08 534 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Депутат Канат Исаевдин баш коргоо чарасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ 2-октябрда депутат Канат Исаевге карата массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп кылмыш иши козголуп, Кылмыш жаза кодексинин “кылмышка даярдык көрүү”, “массалык башаламандык” жана “бийликти басып алуу же күчтөп кармап туруу” беренелери боюнча айыпталган.

Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун токтому боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүткүчө Исаевди камакка алуу чечими кабыл алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, кечээ күнү мурдагы аскердик соттун имаратында Канат Исаевдин тарапташтары чогулуп, ал күнөөсүз экенин айтып чыгышкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7053



Добавить комментарий