Максим Бакиевдин VIP-коттеждеринин чуулгандуу келишиминин артында ким турат?
«Фергана» маалымат агенттигинин Кыргызстандагы журналистти Эльнура Алканова иликтөө жүргүзүп жана Максим Бакиевдин VIP-коттеждерин сатып алуунун артында ким тургандыгын аныктады. Бул келишим депутаттардын пикиринде мамлекетке эң аз дегенде 10 млн доллар чыгаша алып келген.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Алканова Айбек Мурзаев деген адам ( Данияр Усеновдун баласы) мамлекеттен “Элиталык шаарчаны” сатып алган компаниянын тең кожоюну экенин ачыктаган.
Алканованын иликтөөсүндө төмөнкүлөр айтылат:
“Кыргызстандын бийлиги 2017-жылы 19-сентябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын жанында жайгашкан бай райондогу 12,5 гектар жердеги «Идеал Хаус» коттеж комплексин саткан. Эч кимге белгисиз «Востоктехкомплект» жергиликтүү компаниясы аукцион аркылуу 48 курула элек люкс коттежди 2 миллион долларга же болбосо 142 миллион сомго сатып алган. Кыргызстандын коомчулугу бул баа абдан эле арзан бааланган деп жатат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду шаарчаны тогуз ирет сатыкка койгон, бирок сатып алуучу табылган эмес. Акыркы жолку аукционго «Востоктехкомплект» жана «Бизнес Про» компаниялары катышан. Шаарча 130 миллион сомго сатыкка коюлуп, жыйынтыгында «Востоктехкомплект» 142 миллион доллар сунуштап сатып алган”,-деп айтылат кабарчынын сюжетинде.
Ссылка: https://barometr.kg/content7052
Добавить комментарий ×