Кыргызстанда бүгүн туруксуз аба ырайы күтүлөт: жаан жаап, аягы карга айланат

3 октябрь 2017 10:26 524 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 3-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3...+8, күндүз +10...+15; Талас аймагында түнкүсүн +1...+6, күндүз +8...+13; Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +12...+17;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +10...+15; Нарын облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +8...+13; Бишкек шаарында 3-5-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +3...+5, күндүз +8...+10 градус жылуу болот.

Ал эми 4-5-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7049



Добавить комментарий