Канат Исаевдин бир тууганы Талантбек Исаев кызматтан кетүүгө арыз жазды
Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин бир тууганы Талантбек Исаев өз ыктыяры менен Ички иштер министрлигинин мамлекеттик атайын күзөт кызматы башкы башкармалыгынын башчысынын кызматынан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу кечээ белгилүү болду.
Азырынча ИИМ да, Т.Исаев өзү да кызматтан кетүүсүнүн себептери тууралуу комментарий бере элек.
Эскерте кетсек, 30-сентябрда парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канатбек Исаев "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген шек менен камакка алынды. Исаев УКМКнын Тергөө абагына камалган.
Депутат 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген шек менен 30-сентябрда кармалган. УКМК аны менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын кабарлаган.
Исаевди өзү жетектеген "Кыргызстан" партиясы быйыл президенттик кызматка талапкер катары көрсөтүп, бирок БШКнын каттоосунан өтпөй калган.
Быйыл май айында УКМК Канатбек Исаевге Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде мыйзам бузууларга барган деген негизде Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) боюнча эки айып тагып, учурда соту уланууда.
Депутат өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирген. 30-июнда Канатбек Исаевге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген бүтүмүн жарыялаган.
Ссылка: https://barometr.kg/content7041
Добавить комментарий ×