“Кыргызстан” фракциясы Канат Исаев боюнча кайрылуу жасады

2 октябрь 2017 17:44 1136 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Кыргызстан» фракциясы сотко жана укук коргоо органдарына Канат Исаевдин ишин калыс жана ачык-айкын карап берүүлөрүн суранып кайрылуу жасады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кайрылууда, «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канат Исаев, Жогорку Кеңештин эки чакырылышында эл өкүлү болуп шайланганын, 4 баланын атасы экенин баса белгилеп, ал парламенттеги көпчүлүк коалициясынын лидери болгондугу айтылат.

«Кыргызстан» фракциясы, Канат Исаевдин демократиянын, парламентаризмдин өнүгүшүнө салым кошконун эске алып, тийешелүү органдардан  бул ишти ачык-айкын, калыс, мыйзам чегинде карап берүүсүн суранат.

Белгилей кетсек Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин баш коргоо чарасы бүгүн чыгарылышы күтүлүүдө.

Ал “Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген шек менен 30-сентябрда кармалып,  камакка алынган. Мыйзамга ылайык, 48 саат аралыгында анын баш коргоо чарасы аныкталууга тийиш.

Депутат 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген шек менен 30-сентябрда кармалган. УКМК аны менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын кабарлаган.

Бул боюнча президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов билдирүү жасап, тараптанынын кармалышын чагымчылдык катары баалаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7028



Добавить комментарий