КР Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов: Сооронбай Жээнбеков элге ак кызмат кылат

2 октябрь 2017 16:22 600 www
Бөлүшүү:
ok

Сооронбай Жээнбековдун басып өткөн тарыхы, адамдык сапаттары, адистик деңгээлинен улам мыкты, татыктуу, адилеттүү президент болот деген ойдомун, деп билдирди КР Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, учурда көбү бийликке, байлыкка, акчага жулунушат, ал эми Сооронбай Шариповичтин көздөгөнү жөнөкөй адамдын кызыкчылыгы. «Анда айылдагы дыйкандын, жөнөкөй айдоочунун, мугалимдер, пенсионерлер, медиктердин кызыкчылыгы бар. Чын ыкластыгы, адилеттүүлүгү, карапайым адамдардын жүрөгүнөн чыккандыгы үчүн Сооронбай Жээнбековду тандайбыз! Бул адам мамлекеттик бийликтин, аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бийликтердин бүт тепкичтерин басып өттү. Рухий-нравалык сапаттары жана кесипкөйлүк деңгээли ага мамлекетибизди жетектеп, туура жана адилеттүү нукка бурууга жол берет», - деп белгиледи Милан Турпанов.

Ал кошумчалагандай, азыр акчанын батасы менен көгөргөндөр көп болуп жатат. «Элдин батасы менен, тилекке каршы, көгөргөндөр аз. Сооронбай Шариповичтин көзүнөн эле көрүнүп турат - бийликке, байлыкка жутунбаган адам экени. Элдин батасы менен келе жаткан адамыбызды шайлап, бекем туруп берели. Балдарыбыз үчүн, мекенибиз үчүн, адилеттик үчүн бекем туруп, Сооронбай Шариповичти колдоп берели», - деп бишкектиктерди чакырып өттү Милан Турпанов. 

 

 

 

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. 

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 02.10.2017 ж.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7021



Добавить комментарий