Депутат Акаев Канат Исаев тууралуу: Бийликти басып алуу жөнүндө бир да сөз айтылганын көргөн жокмун

2 октябрь 2017 16:08 1354 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Демократиялык мамлекеттик куруу менен Кыргызстандын эли 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоо ачык-айкын өтөт деп үмүттөнгөн, бирок акыркы күндөрдөгү окуялар оппоненттер таза күрөш кылууга ниеттенбей турганын көрсөттү. Мындай пикирин Вarometr.kgге Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн, 2-октябрда билдирди.   

“Кыргызстан демократияны куруу жолуна түшкөндөн кийин баарыбыз алдыда боло турган президенттик шайлоо ачык айкын өтөт го деп үмүттөнгөнбүз. Бирок иш жүзүндө оппоненттер бири-бирине карата кара пиар колдонуп жатканын, бири-бирин административдик ресрусту колдонууга, добуш сатып алууга айыптап жатканын көрүп жатабыз”,-деп белгиледи депутат.     

Жанар Акаев маалымдагандай, Башкы прокуратуранын Канат Исаевге карата козгогон кылмыш иши саясий өңүттө болуп жатат жана алдыда боло турган шайлоого түздөн-түз тиешеси бар.   

“Мен мисалы видеодон шайлоочуларды сатып алуу аракетин көргөн жокмун, балким Канат Исаев үгүтчүлөргө акча берип жаткандыр. Албетте бул ишке сот чекит коюшу керек, бирок бул ишке оппоенттер криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрүн аралыштыргысы келип жатканы бул жаман көрүнүш”,-деп айтты депутат. 

Эскерте кетсек, 30-сентябрда парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канатбек Исаев "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген шек менен  камакка алынды. Исаев УКМКнын Тергөө абагына камалган.

Депутат 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген шек менен 30-сентябрда кармалган. УКМК аны менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын кабарлаган.

 Исаевди өзү жетектеген "Кыргызстан" партиясы быйыл президенттик кызматка талапкер катары көрсөтүп, бирок БШКнын каттоосунан өтпөй калган.

Быйыл май айында УКМК Канатбек Исаевге Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде мыйзам бузууларга барган деген негизде Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) боюнча эки айып тагып, учурда соту уланууда.

Депутат өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирген. 30-июнда Канатбек Исаевге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген бүтүмүн жарыялаган.  

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7020



Добавить комментарий