Темир Сариевдин штабы Канат Исаевдин видеосундагы жигит алардын активдүү тарапташы экенин тастыктады

2 октябрь 2017 14:23 1664 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президентикке талапкер Темир Сариевдин басма сөз катчысы Назира Ахмедова талапкердин тарапташы Деңиз Раимкулов Канат Исаев менен жолугушкан видеодо бар экенин ырастады.   

Эскерте кетсек, буга чейин соцтүйүнгө Канат Исаев жаш жигиттер менен шайлоо алдындагы иштерге 1 млн 800 миң сом бериши мүмкүн экендигин талкуулап жаткан видео жарыяланган. Видеону жашыруун камера менен тартып алышкан.

 Бул видеонун негизинде Башкы прокуратура Канат Исаевге кылмыш ишин козгоп, ал 30-октябрда камакка алынган.

 Ушундан кийин социалдык түйүндүн колдонуучулары видеодогу жаш жигит Темир Сариевдин активдүү тарапташы экенин жазышкан. Колдонуучулар анын тарапташы Сариевдин көрсөтмөсү менен аракет кылып жаткан го деп болжолдошкон.

 Бул тууралуу Сариевдин штабы төмөнкүлөрдү билдирди:

“Канат Исаев кафеде эл менен жолугушкан видеодо чындыгында Сокулук району боюнча Сариевдин штабынын активисти Дениз Раимкулов көрүнүп турат.

 Канат Исаев Өмүрбек Бабановдун тарапташы жана буга чейин ал Бабанов тарапка өтүү сунушу менен Сариевге кайрылган. Баш тартууну айткандан кийин ал Сариевдин Чүй областы боюнча тарапташтарына өткөн жана ар кандай материалдык баалуулуктар менен кызмат сунуштап биздин штабчыларды башка талапкерге тартуу аракетин кылган. Айрымдар макул болуп ал тарапка өтүп кетишкен. 

Д.Раимкуловго келе турган болсок, ал Сариевдин активдүү тарапташы болгон жана Исаев аны кафеге жолугушууга чакырган. Бул видеодо акча берүү жөнүндө сөз да жок.   

Ошентип Канат Исаев менен Д.Раимкулов жолугушканын тастыктайбыз. Бирок бул жолугушуу тууралуу Темир Сариев билген эмес”,-деп айтылат маалыматта.   

Ссылка: https://barometr.kg/content7012



Добавить комментарий