Акматов Руслан, Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун доценти, география илимдеринин кандидаты: “Токтогул ГЭСиндеги негизги маселе - сууну сарамжалдуу пайдалануу”
-Руслан Тынымсейитович, убагында сиз Токтогул ГЭСинин курулушуна каршы болуп жүргөнсүз. Себеп?
-Кыргызстанда түздүктүү жерлердин аздыгынан каршы болгом. Себеби Токтогул суу сактагычынын астында 28438 гектар жер суу астында калды. Анын ичинен сугат жер 10579 гектар, токойлор жана бадалдар 703 гектар. Андан сырткары, Токтогул ГЭСинин объектисинин курулушу жана өндүрүштүк базалары үчүн 3426 гектар жер алынган. Ал эми суу сактагычтан көчүрүлгөн объектилердин ээлеген орду үчүн 1561 гектар, жалпысынан 33418 гектардан ашык жер Токтогул районунан алынган. Ошондой эле, Токтогул суу сактагычынын астынан жалпы саны 18261 адам жашаган 29 калктуу пункт, 3947 үйлүү райондун борбору жана бир канча өндүрүштүк ишканалар көчүрүлгөн. Ар түрдүү доорлордо курулган көп сандаган тарыхый эстеликтер, 47 гектар көрүстөндөр суунун астында калган. Ошол жагдайды эске алып, мындан көрө Камбар-Ата №1 ГЭСин курса жакшы болмок деген ойлор болгон. Себеби Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1, 2 миӊ кВТ, ал эми Камбар-Ата №1 ГЭСинин кубаттуулугу 1, 9 мин кВТ. Камбар-Ата №1 ГЭСинин суу сактагычынын астында Токтогул районунан 3165,7 гектар айыл чарба жерлери, анын 12 гектары сугат, 3153,7 гектары жайыт ж.б. жерлер суунун астында калмак. Бул Токтогулдун Толук айылынын Жампа, Татыр, Чолок кыштоолору болмок. Ушул жагын эске алып ири көлөмдөгү суу сактагычты куруунун кереги жок деген ойлор болду эле. Себеби Камбар-Ата №1 ГЭСинин суу сактагычынын ээлеген орду дагы Нарын дарыясынын каньен формасын элестеткен капчыгайында пайда болмок. Ушул өңүттөн алып караганда Токтогул суу сактагычын салуунун зарылчылыгы жок деп ойлоп жүргөм. Бирок азыркы учурда эгемендүүлүк алгандан кийинки акыбал бизди көп нерселерге даяр эмес экенибизди көрсөттү. Өзгөчө энергетика тармагында, кышында калкыбызды электр энергия менен камсыз кылууда Тажикстанга окшоп электр энергиясына чектөөлөр киргизилмек. Тажикстанда 2008-жылдан бери жарык маал маалы менен өчүрүлүп келет. Себеби, Таджикстанда 10 дон ашык ГЭСтердин болгону менен эн ири Нурек ГЭСи кубаттуулугу 3000 мВТ, бирок, суу сактагычынын көлөмү болгону 10,5 млрд. метр куб, ал эми калган ГЭСтеринин суу сактагычтарынын көлөмү 3-4 млрд. метр кубдан ашпайт. Ошондуктан кышында суунун тартыштыгы байкалат. Ал эми Токтогул суу сактагычына 19, 5 млрд метр куб суу батат. Көп жылдык башкарылуучу обьект. Кышкы мезгилде калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 4-5 млрд метр куб суу керектелет. Эгерде Токтогул суу сактагычында күз айында 17 млрд метр куб суу топтосок 5 млрд метр куб суу кышында коротсок 12 млрд метр куб суу жаз айында калып калат. Ал эми жаз, жай күз айларында суу топтоп кийинки кышка өлкөнү электр энергия менен камсыз кылууга жетет. Азыркы учурда эң негизги көйгөй Токтогул суу сактагычына канча суу келет, прогноз жок. Гидромет кызматы апрель айындагы кардын калыңдыгын карап туруп билдирүү таратат. Быйыл жылдык нормадан 85 пайыздан 125 пайызга чейин суу келет деп 2014-жылы прогноз берген экен. Демек, 85 менен 125 деген сандардын ортосу дегенде келүүчү суунун көлөмү так билинбей калып жаткандыгында. Ошондуктан, бул дагы так маалымат болбой жатат. Ошол эле учурда Эл аралык келишимдер бар. Өзбекстан, Казакстанга Эл аралык келишимдин негизинде суу беришибиз керек.
Кыргыз Улуттук илимдер Академиясынын суу проблемалары жана гирдро энергетика инситутунун директору академик Дүйшөн Маматкановичтин айтуусуна караганда жылдык келген суунун 52% Эл аралык келишим боюнча берилет. Демек Нарын дарыясынын алабынан канча суу келет, ушуну так аныкташ керек. 2008-жылы суунун көлөмү 6 млрд. метр кубка чейин төмөн түшүп кетти. 2008-жылы 4-5 жылдын аралыгында суу сактагыч толот, ага чейин толбойт деген ойлорду айтышкан. Бирок Кудайга шүгүр 2010-жылы кар, жаан чачын дагы жакшы жаады. Ошол себептен, Нарын дарыясынан 19042 млн. метр куб суу келди, суу сактагычтын деңгээли 19,5 млрд метр кубка чейин көтөрүлдү. 2010-жылдан баштап кайрадан биздин өкмөт кошумча электр энергияны алабыз деп сууну жайында көбүрөөк агызып электр энергияны экспорттоп жатышты. Бирок тилекке каршы 2014-жылы суунун көлөмү абдан түшүп кетти. Ал жылы суунун агып кирүү көлөмү 9, 9 млрд метр кубду түздү. Токтогул ГЭСиндеги негизги маселе сууну сарамжалдуу пайдалануу. «Канча суу келет? канчасын коротобуз? кийинки жылга суубуз жетеби, жетпейби?» ойлонушубуз керек. Энергетиктер өзгөчө кургакчылык болгон учурда сууну ысырап пайдаланганы аз келгенсип, Токтогул суу сактагычында суу азайып кеткенде жаратылышка шылтоолошот. «Быйыл аба ырайы кургакчыл болуп, суу аз келип калды, кар аз жаады,» - дей башташат. Мен буга каршымын. Себеби Токтогул суу сактагычы көп жылдык башкарылуучу обьект. Көп жылдык башкаруучулук обьект деген сөз, суу аз болгон жылдары чыгымды азайтып, суу көп келген жылдары суунун сарамжалдуу пайдаланып, суунун денгээли белгилүү бир чекте кармалып турушу керек дегенди билдирет. Токтогул ГЭСи пайдаланууга берилген 1975-жылдан баштап, 2015-жылга чейин Нарын дарыясынын гидрографын чийип, анализдеп чыктым. Ошондо Нарын дарыясынын көп жылдык орточо агымы 12 млрд метр кубду түзгөн. Менин оюмча март, апрель айларында суунун көлөмү жок эле дегенде 11-12 млрд метр куб суу сакталып турушу зарыл. Ал эми 6 млрд га чейин түшүп кеткени энергетиктердин туура эмес иштегени деп эсептейм. Себеби, келген суулар коромжу пайдаланылып калганы жашыруун эмес.
-Адис катары сиздин конкреттүү сунуштарыныз кандай?
-Азыркы мезгилде төмөнкү Нарын гидротүйүнүнүн жалпы суу запасынан ирригация үчүн Кыргызстан 2% гана пайдаланат. Калган 98% төмөнкү зонадагы мамлекеттерге агып кетет. Ошондуктан, суу бөлүштүрүү боюнча мамлекеттер аралык келишимде көрсөтүлгөн Кыргызстандан берилүүчү жалпы келген суунун 52% төмөндөтүү боюнча ойлонушубуз керек. Себеби, келечекте жогорку Нарын жана Камбар – Ата ГЭСтерин курууда Кыргызстанда суунун тартыштыгы байкалат. Ошол эле учурда жаны сугат жерлерин өздөштүрүү маселеси да айыл жергесинде эн негизги көйгөйлөрдүн бири. Нарын дарыясынын алабындагы суунун агып келүүсүн прогноздоо мезгилдин талабы. Бирок, кыргызгидромет кызматы «метеорологиялык маалыматтарды сатабыз», - деп бербей жатышы мени өкүндүрөт. Агып келген сууга анализ кылуу менен андагы термелүүлөрдү кардын калындыгы, жаан-чачындын саны жана абанын температурасы менен биргеликте карап, илимий жыйынтыкка келмейинче суунун келүүсү боюнча илимий жактан тастыкталган прогноз кылуу мүмкүн эмес. Жакынкы аралыкта Нарын дарыясынын алабындагы суунун келүүсүнө прогноз жасоо менен Токтогул ГЭСинин диспетчердик кызматына суу аз келген, суу орто келген жана суу көп келген учурларды камтыган графиктерди чийип, электрондук программаларды түзүп берсекпи деген оюбуз бар.
Атайын Барометр сайты үчүн
Ссылка: https://barometr.kg/content701
Добавить комментарий ×