Бишкекте жол акысы кымбаттабайт
Бишкек шаарынын мэриясы калаадагы коомдук транспортто жол кирени көтөрүү боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаар тургундарынын өтүнүчүн эске алуу менен Бишкекте жол акысы азырынча көтөрүлбөйт.
“Бишкек шаарын өнүктүрүрүү боюнча 2017-2020-жылдарга каралган программада жол кирени көтөрүү боюнча маселе камтылган. Бирок шаар жетекчилиги жол акыны көтөрүү менен бирге коомдук транспорттогу кызмат көрсөтүү сапатынын жакшырышы керектигин жана калктын аялуу катмары дагы эске алышы зарылдыгын жакшы түшүнөт”, -деп айтылат маалыматта.
Мэрия жогоруда айтылгандай сапатты жогорулатуу маселеси комплексттүү чечилмейин бааны көтөрүү боюнча суроо коюлбастыгын эскертти. Ошондой эле коомчулук жана тийиштүү муниципалдык органдар менен биргеликте бул маселени карап чыгышкан соң жол киренин баасы аныкталарын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/content7006
Добавить комментарий ×