Жогорку Кеӊештин депутаты Иса Өмүркулов: Сооронбай Жээнбеков – стабилдүүлүктүн, жаӊы реформалардын, тартип жана биримдиктин гаранты
Президентти шайлоо – бул эӊ жооптуу маселе, жети өлчөп, бир кесиш керек, деп билдирди Жогорку Кеӊештин депутаты Иса Өмүркулов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков бишкектиктер менен болгон жолугушуу учурунда.
«Мамлекет башчысы өлкөбүздү мындан ары туура, туруктуу багытка алып барган ишенимдүү, тажрыйбалуу, билимдүү адам болуш керек. Биз мунун бардыгына олуттуу карап, туура тандоо кылышыбыз керек. Биздин тандообуз – Сооронбай Жээнбеков. Анда айылдарга, райондорго, кичи шаарларга жана Бишкек шаарына арналган ар тараптуу программасы бар. Сиздер өзүӊүздөр көрүп турсаӊар керек, Бишкекте кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын. Шаар үчүн канализация, суу менен камсыздоо, жарык берүү, жолдор, газификация, ипотекалык насыя, коопсуз шаар маселелерин чечүү керек – анын баардыгы талапкердин программасында бар. Шаардын тарыхында биринчи болуп ушул жылы 1 млрд 800 млн сом каражат бөлүндү. Мындай иш болгон эмес. Биздин Президент Алмазбек Атамбаевдин аркасынан шаардын жол түйүндөрүн өнүктүрүү үчүн 14 млрд сом өлчөмүндө каражат алды. Бардык жолдор оӊдолот, көчөлөр оӊолуп, шаар түрдүү түскө боелот. Өлкөбүздө тартип, стабилдүүлүк болсо, ал эми элибизде биримдик болсо, мунун бардыгы улантылат. Мунун кепилдиги Сооронбай Жээнбеков сөзсүз болот», - деди Иса Өмүркулов.
Ал 2017-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын көлөмү жогорулаганын эскертип, Сооронбай Жээнбековдун пенсионерлерге Карылар күнүнө тартуулаган белеги болуп саналат, ал токтомго Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн премьер-министри кезинде эле кол койгонун билдирди. «Мен аны менен парламенттин үч чакырылышында иштешкем жана аны жакшы билем. Ал жөнөкөйлүгү, ыймандуулугу жана чынчылдыгы менен айырмаланат, досторун кыйынчылыкта таштаган жок. 2010-жылы бул жерде кан төгүлүп жатканда, ал Ошто Бакиевдерди кубалаган. Эгерде ал аны кубалап чыкпаса, эмне болуп кетээрин, биздин тарых кандай жолго түшүп калаарын билбейм. Бардыгыӊарды президенттикке эӊ татыктуу талапкер Сооронбай Жээнбековду колдошуӊарды чакырам», – деп айтты бишкектиктерге Иса Омуркулов.
КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 02.10.2017 ж.
Ссылка: https://barometr.kg/content7005
Добавить комментарий ×