Бүгүн Биринчи май райондук соту Канат Исаевдин баш коргоо чарасын кабыл алат

2 октябрь 2017 13:18 498 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту парламенттин депутаты Канат Исаевдин баш коргоо чарасын кабыл алат. Бул тууралуу Barometr.kgге анын тарапташтары кабарлашты. 

Маектештин пикиринде сот ишти кароонун так мөөнөтүн айткан жок.

Barometr.kgге УКМКдан маалымдашкандай, айыптоочулар депутатты 2 айга камоо мөөнөтүн талап кылышууда.

 Эскерте кетсек, буга чейин УКМК депутатты суракка алгандан кийин аны 48 саатка камаган. Учурда ал УКМКнын абагында кармалууда.

Буга чейин Башкы прокуратура Канат Исаевге массалык башаламандык уюштурууга даярдык кылган деп кылмыш ишин козгогон.

Социалдык түйүнгө жарыяланган үн жазууда кылмыштуу топтун мүчөсү делген эки киши саясатчылар тууралуу сүйлөшүп жатышат.

 Видеодо Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Чынгыз Джумагулов жана Улан Усенов сүйлөшөт.

 Алардын бир Канат Исаев криминалдык чөйрөнүн балдарына шайлоодо жана андан кийин колдоп беришсин деп акча сунуштап жатканын айтат.

Колдонуучулар бул жазуу монтаждалган деп жатышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7004



Добавить комментарий