Ош шаарына асма көпүрө куруу сунушталууда
Ош шаарында эл көп өткөн көчөлөргө асма көпүрө куруу долбоорун шаардык кеңештин депутаты Алимжан Байгазаков демилгелеп чыкты. Эгер сунуш жүзөгө ашса шаардагы унаа тыгыны 70-80 пайызга кыскарат деп айтылууда.
Коомдук талкууга коюлган мэриянын Жол башкармалыгы тарабынан демилгеленген эскиздик долбоор боюнча асма көпүрөнүн чар тарабы ачык айлана формасында болсо, ал эми коомдук талкууга коюлган депутаттын долбоорунда көпүрө төрт бурчтуу келип, тегереги курчалып, чыгып-түшүү үчүн эскалатор коюлат. Демилгечи депутат Алимжан Байгазаков асма көпүрөнү куруу үчүн шаардык бюджеттин чама-чаркы жетерин айтат. Маселени карап чыгып негизги көйгөй жараткан Масалиев — Навои жана Курманжан датка — Айтиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймактарына сунуш берип жаткан депутаттар киргизишкен.Өтмөктү жер алдынан куруу үчүн 100 миллион сомго чукул каражат талап кылынып, кымбат түшүп калат. Асма көпүрөнү жөнөкөй кылып курса 5-6 болжолдуу түрдө 15-20 миллион сом керектелет. Эгер демилге ишке ашып кала турган болсо шаар тыгыны бир топ азайып калмак.
Ссылка: https://barometr.kg/content700
Добавить комментарий ×