Бишкекте “Көз айнек” арт-инсталляциясын үчүнчү ирет сындырып кетишти
Бөлүшүү:
“Тазалык” муниципалдык ишканасы “Көз айнек. Көз караш” арт-инсталляциясын жакшы сактоого шаардыктарды чакырат.
Кечээ, 1-октябрда бул арт-инсталляцияны үчүнчү ирет талкалап кетишип үчүнчү ирет оңдошкон.
Эскерте кетсек, буга чейин 18-сентябрда жана 22-сентябрда белгисиз бейбаштар “Көз айнекти” сындырып кетип, экөөндө тең “Тазалыктын” кызматкерлери аны оңдоп чыгышкан.
“Тазалык” көз айнек анын карамагында болбогондуктан үчүнчү ирет сынса оңдобой турганын катуу эскертти.
Ссылка: https://barometr.kg/content6997
Добавить комментарий ×