Назарбаев Астананын 20 жылдыгына даярдык көрүүнү тапшырды

2 октябрь 2017 12:00 668 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астана шаарынын 20 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү үчүн атайын комиссия түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришүүдө.

Маалыматка караганда, андан тышкары Назарбаев өлкө борборунун 20 жылдыгын белгилөө боюнча «Ел жүреги — Астана» деп аталган концепцияны бекитүү тапшырмасын берди.

Мааракеге карата иш-чараларды өткөрүү боюнча мамлекет башчынын тапшырмаларын аткарууга эки айлык мөөнөт чегерилгени кабарланууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6994



Добавить комментарий