Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктайт!
Ардактуу аталар жана апалар!
Сиздерди карылар күнү менен ак пейилимден куттуктайм!
Элибизде «Карысы бардын ырысы бар» деген мааниси терең сөз бар. Кыргызстандын эгемен мамлекет катары калыптанышында Сиздердин эмгекке баа жетпейт. Алдыңыздар согуштун жана ооруктун оор күндөрүн башыңыздардан өткөрдүңүздөр. Согуштан кийинки мезгилде келаткан муунга жаркын заманды курууга эбегейсиз салым коштуңуздар.
Эми Сиздер жайкалып, бала-бакыраңыздардын маңдайында болуңуздар. Сиздердин караан эле бизге чоң кубат, бекем таяныч.
Сиздерге чың ден соолук, бакубат өмүр тилейм!
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков.
КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 30.09.2017 ж.
Ссылка: https://barometr.kg/content6966
Добавить комментарий ×