Дунган диаспорасынын өкүлү Гейсер Ваншу: Сооронбай Жээнбеков камкор президент болот!
Сооронбай Жээнбеков элден чыккан. Бул адам катардагы мугалимден премьер-министрге чейинки кызматтык жолду басып өткөн, деп билдирди дунган диаспорасынынөкүлү Гейсер Ваншу Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Чүй областынын Токмок шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда.
Ал белгилегендей, токмоктуктар үчүн Сооронбай Жээнбековдун премьер-министр кезинде кыргыз-казак чек арасындагы «Токмок-Автодорожный» жана «Кең-Булуң-Автодорожный» өткөрмө көзөмөл пункттары жаңыланып, модернизацияланган. «Бул өткөрмө пункттары аркылуу күнүгө жүздөгөн, миңдеген адамдар өтүшөт. Эсиңердеби, буга чейин кандай эле, ысыкка кактанып, жаандын алдында, суукта турчубуз? Азыр болсо эл үчүн кандай сонун ыңгайлуу шарттар түзүлгөн! Бажы көзөмөлү дагы, товарларды өткөрүү да абдан тез жана ыңгайлуу болуп калды», - деп токмоктуктарга Гейсер Ваншу эскертип, өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан бийик койгон Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырды.
КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 30.09.2017 ж.
Ссылка: https://barometr.kg/content6960
Добавить комментарий ×