КР Дунгандар ассоциациясынын президенти Ханджаза Керим: Москва районунун жаштары Сооронбай Жээнбековду тандайт!
Биздин тандоо ачык-айкын – бул Сооронбай Жээнбеков! Бул тууралуу Москва районунун жаштарынын атынан сүйлөгөн КР Дунгандар ассоциациясынын президенти Ханджаза Керим Чүй областынын Москва районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.
«Биздин тандообуз Сооронбай Жээнбеков – куру убадаларды бербеген, реалдуу сөздүн ээси. Мен ишенем, Сооронбай Жээнбеков кыргыз көчүнүн улуу жолун улайт. Бул жөн гана бийик сөздөр эмес, бул рухий-моралдык идея! Мен силерди Сооронбай Жээнбековго добуш берип, жакындарыңарды, тууган-туушканыңарды, жоро-жолдошторуңарды биздин талапкерди шайлоого үгүттөп кетүүңөрдү суранам. Москва районунун жаштары Сооронбай Жээбековду тандайт!», - деп айтты Ханджаза Керим.
КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 29.09.2017 ж.
Ссылка: https://barometr.kg/content6931
Добавить комментарий ×