Муфтият учак кырсыгына байланыштуу топтолгон каражатты бөлүштүрүп берди

30 январь 2017 16:43 491 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 30-январда Кыргызстан Ислам Университетинин жыйындар залында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Дача СУ айылындагы кырсыктан көз жумган мекендештерибиздин жакындарына 20-январда өлкө аймагындагы мечиттерден чогултулган 3, 885 468 сом акча каражатын жардам катарында таратты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Апааттуу кырсыктан көз жумгандардын жакындарын Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов кабыл алып кырсыкка кабылгандардын жакындарын сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырып, мындай кырсык Алла Тааланын сыноосу экендигин, мындан ары эли-журтубузда, мамлекетибизде кырсыктардын болбошун тилешип, дуба кылышты Топтолгон каражат КМДБ тарабынан түзүлгөн комиссиянын чечими менен Курман болгондордун ар бирине 100 миң сомдон акча каражаты каралса ооруканадагыларга 20 миң сомдон бөлүнгөн. Жалпысынан кырсыктан көз жумгандарга 3, 550 000 сом берилсе, ден-соолугунан жабыркагандарга 120 000 сом тапшырылып, жалпысы болуп 3, 670 000 сомдук жардам берилди. Ал эми калган 215 468 сом жабыркагандарга таратылып берилмекчи.

Ссылка: https://barometr.kg/content693



Добавить комментарий