Израилдин жараны Сары-Челек көлүнүн жанында каза тапкан
Бөлүшүү:
Жалал-Абад областынын Аксы районунда дайынсыз жоголгон Израилдин жараны Хилла Ливне кырсыктан улам каза тапкан. Бул тууралуу КР ӨКМдан кабарлашты.
Алдын ала маалыматтарга таянсак 22 жаштагы кыз "Сары-Челек" коругунун аймагындагы аскадан кулап кеткен.
Кыздын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат ӨКМга үч күн мурда түшкөн. Турист кызды издеш үчүн 60тай адам тартылган, куткаруучулар атайын издөөчү иттерди колдонушкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content6923
Добавить комментарий ×