«Калктын 60% ичкенге таза сууга муктаж абалда, айылдардын 30%-нын суу жеткирүүчү тармактарын кайрадан оңдоо зарыл»

30 январь 2017 16:14 495 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыркы жылдарда Кыргызстандын калкын таза ичүүчү суу менен камдуу кылуу өтө орчундуу проблемага айланды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматтары боюнча калктын 60% ичкенге таза сууга муктаж абалда, айылдардын 30%-нын суу жеткирүүчү тармактарын кайрадан оңдоо зарыл.  Саламаттыкты сактоо министирлигинин маалымттарында, республиканын калкынын ичкен суусунун начар сапатына байланыштуу энтералдык гепатит (А,Е түрлөрү) менен ооругандардын саны өсүүдө. Айтылган жагдайга байланыштуу, КР УИАсынын М. Адышев атындагы геология институтунун илимий кызматкерлери,  Шанхай кызматташтык уюму тарабынан каржыланган Борбордук Азиянын экологиясын жана айлана чөйрөсүн изилдөө илимий борбору менен биргеликте, 2016-жылы  “Кыргызстандын калкын ичүүчү суу менен камдуу кылуу максатында суу ресурстарынын сапатынын географиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө” деген долбоорду баштады.  Изилдөөлөрдүн биринчи жылынын жүрүшүндө Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Ош, Жалал-Абад областарынын аймагына 4 сапар экспедиция уюштурулуп, 44 дарыянын сууларынын 84 жеринен 420 текшерилүүчү үлгүлөр алынды.   Азыркы учурга карата суулардын суутектик көрсөткүчү (рН), калкыма  заттардын массасы, шакардуулугу, кычкылтектин өлчөмү, кычкылтектин биологиялык өздөштүрүлүшү, аммонийлик, нитраттык, нитриттик азоттордун өлчөмдөрү аныкталды. Эмки кезекте, цинк, жез, кадмий, коргошун, хром, цианиддер, нефть заттары, синтетикалык активдүү заттар, органикалык заттар сыяктуу адамга зыяндуу сууну булгоочулар аныкталат.     Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын сууларынын сапатына объективдүү баа берилип, анын бардык аймактарындагы калкты таза суу менен камдуу кылуу багытында сунуштар берилет.

                                                                                                       Аламанов С.  Улуттук илимдер Академиясынын геология институнун география  бөлүмүнүн башчысы

Ссылка: https://barometr.kg/content692



Добавить комментарий