Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов: Биз Сооронбай Жээнбековго мамлекеттин тагдырын коркпостон тапшырсак болот
Бизге ишенимдүү президент керек – адилеттүү, көсөм адам. Мындай талапкер бар – ал Сооронбай Жээнбеков, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Чүй облусунун Кант шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда.
«Сооронбай Жээнбеков биз менен бирге көп жылдардан бери ысык-суугубузда чыдап, чогуу болду. Өзүнүн адамдык сапаттары, көп жылдык мамлекеттик ишмердин тажрыйбасы аркылуу бүгүн биз ага ишеним көрсөтүп, президенттикке талапкер болууга жетишти. Азыркы курсту мындан ары да улантып кете алат. Буга Сооронбай Жээнбековдун жөндөмү бар. Анткени ал катардагы айыл мугалиминен баштап, премьер-министрге чейинки жолду басып өттү. Ал азыр 58 жашта, адам катары да, инсан катары да, саясатчы катары да өсүп жетилди. Тажрыйбалуу чарбакер болуп саналат. Биз ага толугу менен ишенип, өлкөбүздө мындан ары да туруктуулук, тартип, өсүш жана эң башкысы улуттук ынтымак болот деп үмүттөнө алабыз», - деп белгиледи депутат.
Ошондой эле ал Сооронбай Жээбековдун үй-бүлөсү жөнүндө көп суроолор келип жатканын кошумчалады. «Анын жакында турмушка чыккан бир кызы, мектепте 3-класста окуган уулу бар. Уулу мурунку президенттердин уулдарынын жаш курагына жеткиче, Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетет», - деп тамашалады жана тууган-урукту эмес, өлкөнүн кызыкчылыгын эң бийик туткан Сооронбай Жээнбековду шайлоого чакырды.
КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 29.09.2017 ж.
Ссылка: https://barometr.kg/content6918
Добавить комментарий ×