Азия оюндарынан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

29 сентябрь 2017 14:29 403 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында күч сынашкан спортчулар мекенине кайтып келди. Аларды бүгүн, 29-сентябрда Ош Эл Аралык аэропортунан Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, спортчулардын жакындары, күйөрмандары жана ЖМК өкүлдөрү тосуп алышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аскаров спортчуларды жеңиши менен куттуктап ийгиликтерди каалады.

Азиадага Ош шаарынан барган спортчулар жалпы 8 медаль алып келишти. 2 алтын, 3 күмүш, 3 коло.

Күжүрмөн самбо боюнча

I-орун- Райымкул уулу Бекназар

II-орун- Афтандил уулу Ороз

III-орун- Маматемин уулу Салмурбек

III-орун- Мусабаев Максат

Аялдар арасында бел боо күрөшү боюнча

II-орун -Алтынай Мамарасул кызы

Аялдар арасында Алыш күрөш боюнча

I-орун -Алтынай Мамарасул кызы

II-орун- Мизамидин кызы Мээрим

Эркектер арасында Алыш күрөш боюнча

III-орун- Аширов Ороз.

 

 

  

Ссылка: https://barometr.kg/content6913



Добавить комментарий