Ахмедова: Сариев Назарбаевдин кабыл алуусуна жазылууну суранган эмес

29 сентябрь 2017 12:54 525 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бүгүн, 29-сентябрда президентикке талапкер Темир Сариевдин басма сөз катчысы Назира Ахмедова Казакстандын президенти менен жолугушууга байланыштуу маалыматка комментарий берди.

 “Акыркы учурларда айрым ЖМКларда жана социалдык түйүндөрдө Темир Сариев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушам деп, бирок жолугуша албай калгандыгы тууралуу такталбаган маалыматтар тарап жатат. Мындай айың кептер чындыкка дал келбесин билдиребиз. Эки тараптан тең жолугушуу тууралуу макулдашуу болгон эмес”,-деп айтылат Ахмедованын комментарийинде.

Ссылка: https://barometr.kg/content6909



Добавить комментарий