Кыргызстанда силкинүү күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Бөлүшүү:
Бүгүн, 29-сентябрда Кыргызстандын аймагында силкинүү күчү 3,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунан маалымдашты.
Жер титирөө саат 07:51 катталып, Жалал-Абад областынын аймагында болгон.
Силкинүү очогу Кара-Дөбө айылынан түндүк-чыгышты карай 12 чакырым, Байбиче айылынан түндүк-чыгышыты карай 11 чакырым жана Жалал-Абад шаарынан чыгышты карай 90 чакырым аралыкта жайгашкан.
Аталган аймактагы калктуу пункттарда жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content6905
Добавить комментарий ×