Москвада кыргызстандыкты муунтуп кетишти
Бөлүшүү:
Россия федерациясынын борборунда Жалал-Абад областында туулган жаранды өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилиги бүгүн, 29-сентябрда кабарлады.
Элчиликтен маалымдашкандай, 26-сентябрда кечинде Москванын түштүк-батышындагы балдар гемотологиясы борборунда Кыргызстанда туулган 33 жаштагы жарандын муунтуп өлтүрүлгөн белгилери бар сөөгү табылган.
Каза болгон жаран Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда туулгандыгы аныкталды.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Каза тапкан жарандын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүгө даярдык көрүп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content6903
Добавить комментарий ×