Мамлекеттик казынада энелик капиталга акча жок, ал эми Үчүнчү көчмөндөр оюндарына 50 млн сом коротулат

29 сентябрь 2017 10:13 494 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Мамлекеттик казынада энелик капиталга акча жок, ал эми Үчүнчү көчмөндөр оюндарына ондогон миллион сомдор коротулат. Кыргызстанда 2018-жылы өткөрүлө турган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык башталды.

Barometr.kgге өкмөттөн кабарлашкандай, КРнын өкмөт башчысы Сапар Исаковдун 18-сентябрдагы буйругу менен уюштуруу комитетин түзүү тапшырылды, анын төрагасы коомдук коопсуздук жана укук тартибин тескеген вице-премьер-министр болмокчу.

Өз кезегинде уюштуруу комитети 2017-жылдын 1-ноябрына чейин чыгашалардын сметасын түзүп, оюнду өткөрүү тартибин жана дарядыгын аныктаган ведомстволор аралык жумушчу планды бекитиши керек.

КР ТИМ жана УКМК оюндун катышуучуларына кайтарымсыз виза бериши керек.

Мындан тышкары Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине Оюндун ачылышын жана жабылышынын концепциясын иштеп чыгуу тапшырылды.

Эскерте кетсек, бул үчүн бюджеттен 330 млн сом табылган эмес. Өкмөт 2017-жылы 18-сентябрда “Бийик тоолуу жана барууга кыйын болгон аймактарда жашап жана иштеген тараптарга кепилдик жана компенсация жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун артка кайтарган.

Ссылка: https://barometr.kg/content6886



Добавить комментарий