Айбек Калиев президент менен жолукту
Бөлүшүү:
Президент Алмазбек Атамбаев 30-январда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев менен жолугуп, өлкөнүн энергетика системинин иши тууралуу маалыматтарды алды. Айбек Калиев президентке жылуулук берүү сезонунун жүрүшү, Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо, Токтогул ГЭСин жаңылоого даярдык көрүү иши жөнүндө кабардар кылды. Президенттик аппараттын билдиришинче, өлкөдө ГЭС курууга инвестиция тартуу жаатында жасалып жатат. Алмазбек Атамбаев элди жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоо зарылдыгын белгилеп, энергетика тармагына инвестиция тартуу боюнча ишти жандантуу тапшырма берди.
Ссылка: https://barometr.kg/content685
Добавить комментарий ×